алоо-тоонун батыштагы бүркүтү (азамат алтайдын 90 жылдык мааракесине)

Preparing link to download Please wait... Download

E-Book Overview

Редактору Кубат Чекиров; рецензенти Арслан Капай уулу Койчиев; сүрөтчүсү Асан Турсункулов. — Бишкек: Гүлчынар, 2010. — 60 б.: сүрөттөр. — (“Азаттык” үналгысы.) — ISBN 978-9967-409-87-3.
Бул китепте кыргыздын чыгаан журналисти, демократ публицисти, “Азаттык” үналгысын түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомберди уулу, 1920-2006) татаал жана даңктуу өмүр жолу тууралуу кыскача баяндалат.Китеп Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана басма сөз эркиндигинин тарыхына астейдил кызыккан журналист, тарыхчы, тилчи, адабиятчы жана саясат таануучу студенттерге жана жалпы окурмандарга арналат.

E-Book Content

www.bizdin.kg www.bizdin.kg Тынчтыкбек Чоротегин АЛА-ТООНУН БАТЫШТАГЫ БҮРКҮТҮ (Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине) Бишкек 2010 www.bizdin.kg УДК 821.51 ББК 84 Ки 7-4 4 75 Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбет уулу. Ч-75 Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү: (Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине) / Редактору Кубат Чекиров; рецензенти Арслан Капай уулу Койчиев; сүрөтчүсү Асан Турсункулов. - Бишкек: “Гүлчынар” басмасы, 2010. — 60 бет, сүрөттөр [“Азаттык” үналгысы.] Б-2010-60 б. ISBN 978-9967-409-87-3 Бул китепте кыргыздын чыгаан журналисти, демократ публицисти, “Азаттык” үналгысын түптөөгө жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомберди уулу, 1920-2006) татаал жана даңктуу өмүр жолу тууралуу кыскача баяндалат. Китеп Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана басма сөз эркиндигинин тарыхына астейдил кызыккан журналист, тарыхчы, тилчи, адабиятчы жана саясат таануучу студенттерге жана жалпы окурмандарга арналат. Ч 4702300100-10 ISBN 978-9967-409-87-3 УДК 821.51 ББК 84 Ки 7-4 © Тынчтыкбек Чоротегин. 2010 www.bizdin.kg Тоо элинин бозгундагы абазы Жыйырманчы кылым кыргыз улутун дүйнөлөшүү жараянынын тегирменине салган өзгөчө өлуттуу сыноолордун жаңы доорун баштап берди. Дал ошол доорду бүгүнкү кыргыздар бир катар мамлекеттерди байырлап баштан кечирүүдө. Эгерде Биринчи дүйнөлүк согуштун ирегесинде (1914-жылга карата) кыргыздар негизинен падышалык Орусиянын, Цин сулалеси ойрон болгондон кийинки Кытайдын жана Улуу Британиянын үстөмдүгүн биротоло орнотууга каршы айыгышып күрөш жүргүзгөн Ооганстандын курамында үчкө жиктелип калса, ал эми Экинчи дүйнөлүк согуштан соң кыргыз топтору дүйнөнүн башка аймактарына да жайылды. Тээ Улуу Үркүн маалында Кытайга жана башка мамлекеттерге өтө качкандарды, Сталин доорунда үй-бүлөлөрү менен же коколой башы Сибирге же Украинага айдалгандарды айтпаганда, жыйырманчы кылымдын алгачкы үчилтигинде анчамынча гана кыргыз улан-кыздары башка өлкөлөргө байырлаган. Ал эми 1939-1945-жылдардан соң бул жараян ого бетер канатын кеңири жайып, кыргыз баласы тээ Америкага, Батыш Европага, Австралияга жана Африкага аттанды. Арийне, улут болгон соң, анын сандык эмес, сапаттык жагын арттырган, анын жаркын болочогун камсыз кылууга белсенген кулундары болбой койбойт эмеспи. Жыйырманчы кылымдагы кыргыздардын үнүн да, үмүтүн да бүт дүйнөгө угузган, бозгун болуп жүрүп да өз тагдырын алыста калган Атажуртунун жаркын келечеги үчүн күрөшкө баш ийдирген инсандарынын сабын баштап берген кыргыздын чыгаан уулу - Кудайберген Кожомбердиев (Азамат Алтай) эле. Бул улуу инсан кыргыз үнүн эл аралык журналистиканын деңгээлине чыгаруу жараянынын башатында турду. Кыргызга демократия, ачыктык, айкындык, терең маалымдуулук, адам укуктарын кадырлоо идеяларын ырааттуу таркаткан Азамат Алтай агабыз улутубуздун кийинки тагдырына терең из сал3 www.bizdin.kg ган, акыркы деми чыкканга чейин сөзү менен да, иши менен да өрнөк болгон кадырман аксакалыбыз катары түбөлүккө эсте калмакчы. Ата-теги тууралуу учкай сөз Дароо эскерте кетээрибиз, бул залкар публицист жана журналисттин азан чакыргандагы ысымы - Абдымурза болгон экен. Эки айдан соң гана ага Кудайберген деген ысымды жер