кыргыз жана кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер

Preparing link to download Please wait... Download

E-Book Overview

(Избранные материалы по истории Кыргызстана и киргизов). — Бишкек: «Кыргызстан — Сорос» фонду, 1999. — 896 б.
Белгилүү этнограф, түрколог, кыргыз тарыхын иликтөөчү С. М. Абрамзондун бул тандалма эмгектеринде кыргыз элинин этникалык тарыхынын, турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын ар түрдүү жагдайларына таандык этнографиялык, тарыхый маалыматтарды талдоонун жана корутундулоонун негизинде кыргыздардын этностук жана маданий турпатынын кандай жол менен калыптанганы баяндалып, алардын бөлөк элдер менен болгон этногенетикалык байланыштары изилденген.Китеп жалпы окурмандарга арналат.

E-Book Content

www.bizdin.kg Абрамзон С.М. www.bizdin.kg ББК 63.3 (2 Ки) А—16 Бул китеп «Кыргыз Республикасында гуманитардык билим берүүнү өзгөртүү» программасынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлиги менен бирдикте «Кыргызстан — Сорос» фонду тарабынан чыгарылды. Программанын демөөрчүсү — америкалык белгилүү финансист жана ойчул Жорж Сорос. Которгондор: Мамбеталиев Сатыбалды Сулайманкулов Дардайыл Макенов Советбек Абрамзон С. М. А—16 Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/Котор. С. Мамбеталиев, Д.Сулайманкулов, С.Макенов. — Б.: «Кыргызстан — Сорос» фонду, 1999. —896 6. 15ВЫ 9967-11-042-2 Белгилүү этнограф, түрколог, кыргыз тарыхын иликтөөчү С. М. Абрамзондун бул тандалма эмгектеринде кыргыз элинин этникалык тарыхынын, турмуштиричилигинин жана маданиятынын ар түрдүү жагдайларына таандык этнографиялык, тарыхый маалыматтарды талдоонун жана корутундулоонун негизинде кыргыздардын этностук жана маданий турпатынын кандай жол менен калыптанганы баяндалып, алардын бөлөк элдер менен болгон этногенетикалык байланыштары изилденген. Китеп жалпы окурмандарга арналат. А 0503020911-99 ББК 63.3 (2Ки) 15ВЫ 9967-11-042-2 © «Кыргызстан—Сорос» фонду, 1999-ж. www.bizdin.kg АЛГЫ СӨЗ Саул Матвеевич Абрамзон 1905-жылы 5-июлда мурунку Орел губерниясынын Дмитров шаарында кол өнөрчү саат мастеринин уй-бүлөсүндө туулган. 1922-жылы совет мектебинин II баскычын бүтүргөн. Ошол эле жылы Ленинград айыл чарба институтуна кирген. Бирок, 1924-жылы ал окуу жайынан Ленинград университетинин түрк адистер бөлүмүнө которулган. Анын жетекчилери көрүнүктүү этнограф, түркологдор А. Н. Самойлович жана С. Е. Малов болгон. Саул Матвеевич студенттик жылдары өз демилгеси менен эки жолу этнографиялык саякатка барган. 1924-жылы Ярославль губерниясынын ПошехоноВолодарский уездинде, 1925-жылы Кыргыз Автономиялуу облусунун Каракол округунда этнографиялык экспедицияда болгон. Ал эми 1926-жылы Кыргыз Илимий Комиссиясынын чакыруусу менен Кыргызстанга иштөөгө келген. Ушул мезгилден тартып, Саул Матвеевичтин илимий жана педагогикалык иши Кыргызстан менен байланышкан. Ал эмгек жолун облустук музейдин илимий кызматкеринен баштаган. Андан кийин адегенде Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советинин алдындагы Край таануу боюнча илим изилдөө институтунун директорунун орун басары, анан институттун «Адам» секциясынын жетекчиси болгон. Мындан тышкары Мамлекеттик музейдин илимий катчысы катары иштеген. Андан соң Саул Матвеевич Кыргыз Эл агартуу комиссариатынын алдындагы Чыгыш таануу институтунун директорунун милдетин аткарган, 1931 жылы анын директорлугуна дайындалган. Бирок, ошол эле жылы турмуш шартына байланыштуу Ленинград шаарындагы Миклухо-Маклай атындагы этнография институтунун бөлүмүнө которулуп, анын Орто Азия, Казахстан жана Кавказ элдеринин этнография секторун өмүрүнүн аягына чейин жетектеген. Саул Матвеевичти кыргыз этнографиясын изилдөөнүн негиз салуучусу десек болот. Ал кыргыз элинин этнографиясын жана маданиятын иликтеп, көптөгөн эмгектерди жараткан. Анын олуттуу эмгектери кыргыз этнографиясынын өзөгүн түзөт. 1926—1950-жылдардын ичинде Кыргызстандын аймагына жүргүзүлгөн этнографиялык экспедициялар С. Абрамзондун ысмы менен байланыштуу. Ал көп жолу Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык инс