E-Book Overview
Орус тилинен которгон: Асылбек Жоодонбеков. — Бишкек: 2015. — 232 б. — ISBN 9789967312715.
(На киргизском языке).Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат.
E-Book Content
Масару Ибука Үч жаштан кийин кеч Бишкек 2015 УДК 373 ББК 74.100 И 16 Котормочу: Асылбек Жоодонбеков Редактор жана корректор: Самат Тоялиев И 16 Ибука М. Үч жаштан кийин кеч / Орус тилинен которгон: А. Жоодонбеков. – Б.: 2015. – 232 б. ISBN 978–9967–31–271–5 Китептин автору бала менен алгачкы күндөн тартып өтө дыкат алектене баштоо абдан зарыл экендигин белгилейт. Кенже курактагы балдар эмнени болбосун абдан жеңил үйрөнө аларын турмуштук мисалдардын негизинде, жалпак тил менен айтып берет. Балдардын толук кандуу өнүгүшүндө, бактылуу жана ийгиликтүү болушунда ата-эненин жана курчап турган чөйрөнүн чечүүчү мааниге ээ экендигине басым жасайт. Китеп балдар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына жана алардын ар тараптуу өнүгүшүнө кам көргөн бардык ата-энелерге арналат. И 4305000000–15 ISBN 978–9967–31–271–5 УДК 373 ББК 74.100 Мазмун Баш сөз . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 5 Автордон . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 11 1-бөлүк. Баланын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү. . 15 2-бөлүк. Кенже курактагы тажрыйбанын таасири . . . 55 3-бөлүк. Балага эмне пайдалуу?. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 77 4-бөлүк. Тарбиялоонун принциптери . . . . . . . . . . . . . . 123 5-бөлүк. Эмнеден качуу керек? Келечекке көз караш . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 201 Баш сөз Урматтуу окурман, ата-эне, бүгүн биз сиздер менен дагы бир жакшы саамалык аркылуу кездешип отурабыз. Дүйнөгө белгилүү “Сони” корпорациясын негиздөөчүлөрдүн бири, гениалдуу инженер, жапон атуулу Масару Ибуканын ушул китебин кыргыз тилине которуп, сиздерге тартуулоо мен үчүн бир чети сыймык болсо, бир чети кайрылуу, балдар темасына көңүлүңүздөрдү бурдуруу. Мындай дүйнөлүк алкактагы ири менеджер, ири корпорациянын негиздөөчүсү эмне себептен кичинекей балдар үчүн китеп жазды, инженер болуп туруп балдарга билим берүү жана тарбиялоо маселесине эмнеден улам кызыкты деген суроолорду өзүбүзгө берсек. Бул таң калыштуу деле эмес экен. Адам ресурсуна, алардын билимине, тарбиясына жана эмгекчилдигине таянуу менен гана ийгиликке жетсе болорун ал жакшы түшүнгөн. Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук бере турган алдыңкы ишкананын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек, балдарды тарбиялоо канча жаштан башталат деген суроолордун үстүндө ойлонгон. Жыйынтыгында 5 акыркы эки кылымдан бери Жапония жаратылыш ресурстарынын чектелгендигине карабастан дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы экономиканы куруп, жашоо стандарттары боюнча өтө жогорку деңгээлге чыга алды. 1947-жылы Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, такыр талкаланган өлкөдө өнөктөштөрү менен биргеликте болгону 700 доллар менен гана “Сони” фирмасын негиздеген. Азыр да модернизациялануу доорун басып өткөн, илимий-техникалык жактан дүркүрөп өскөн Жапония күжүрмөн, талыкпаган инженерлердин, адистердин, жумушчулардын эмгегине таянат. Кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүүнүн өтө зарыл экендигин алдыңкы өлкөлөр XX кылымдын 70 жылдарында түшүнө баштаган. Бул багытта бир топ изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын ичинде Нобель сыйлыгынын ээ